РФ, Казакстан жана Белоруссия оор атлетчилерин четтеткен чечимге каршы сотко кайрылат

Жазылуу
CAS Россия, Казакстан жана Беларуссиянын оор атлетчилерин жарыштан четтеткен. Ал эми IWF жетекчиси Тамаш Аян Россия, Казактан жана Белоруссиянын Оор атлетика боюнча федерациялары Олимпиададан кийин бир жылга дисквалификацияланарын айткан.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россия, Казакстан жана Белоруссиянын Оор атлетика боюнча федерациялары Оор атлетика боюнча эл аралык федерациянын (IWF) чечими боюнча Спорттук арбитраждык сотуна (CAS) даттанат. Бул тууралуу Россиядагы аталган федерациянын президенти Сергей Сырцов билдирди. 

Буга чейин CAS Россия, Казакстан жана Беларуссиянын оор атлетчилерин жарыштан четтеткен. Ал эми IWF жетекчиси Тамаш Аян Россия, Казактан жана Белоруссиянын Оор атлетика боюнча федерациялары Олимпиададан кийин бир жылга дисквалификацияланарын айткан. 

"Россия, Казактан жана Белоруссиянын оор атлетика боюнча федерацияларынын арыздарын CAS бир убакта карамай болду. Эмне үчүн бир жылга жарыштан четтетебиз деп жатканы түшүнүксүз болууда. Бизди ансыз да Олимпиадага катыштырбай жазалады эле. Учурда 17 жаштагы спортчуларыбыз Европадагы чемпионаттарга даярданууда. Олимпиада бүтөрү менен сүйлөшүүлөр жүрөт ", — деди Сырцов. 

Эске сала кетсек, бейшемби күнү Спорттук арбитраждык сот (CAS) оор атлетчи Артыковду Рио Олимпиадасында ээ болгон коло медалынан ажыраткан. Ага допинг текшерүүнүн натыйжасында спортчунун канынан табылган стрихнин каражаты себеп болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0