Египетте теле алып баруучулар толуктугу үчүн эфирден четтетилди

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТренажерный зал. Архив
Тренажерный зал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Телерадиокомпания жумуштан кетирилген журналисттер "өтө толук" экенин, алар арыктамайынча эфирге чыга албай тургандыгын белгилеген.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Египеттин мамлекеттик телеканалындагы жаңылыктар бөлүмүнүн бир нече алып баруучусу толук болгондугу үчүн эфирден четтетилди. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан сайты The New York Times басылмасына шилтеме кылуу менен кабарлады. 

Кары киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар кайсы эл кеч картаярын аныкташты
Сегиз журналист толуктугу үчүн жаңылыктарды алып барбайт, качан арыктаганда гана алар эфирге чыгат деп билдирген телеканалдын жетекчиси Сафаа Хегази. Директор аларга мүнөздөп тамак ичип, диетага отурууну сунуштаган. 

Журналисттер Сафаа Хегазинин мындай кадамына нааразы болгондугун билдирип, бул чатакка укук коргоочулар да киришкен. Алар мындай кадам Конституцияга карама-каршы келерин белгилеп, аялдарды басынтуу деп эсептешерин айтышкан.

Социалдык тармактын колдонуучуларынын көбү толук журналисттерди колдоп, ал эми жетекчиге алып баруучулардын кебетесине эмес, маалыматтардын сапатына көңүл буруу зарылдыгын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0