Тыныбекованы утуп алган индиялык балбан кыз мамлекеттен 375 миң доллар байге алат

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүТунистик балбан Марва Амри жана Сакши Малик Индиядан.
Тунистик балбан Марва Амри жана Сакши Малик Индиядан. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сакши Малик Рио Олимпиадасында Индиянын капчыгына биринчи медалды алып келди.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекованы утуп, коло медаль тагынган индиялык спортчу Сакши Малик Индия бийлиги тарабынан 375 миң доллар байге алат. Бул тууралуу РИА Новости Индиянын жалпыга маалымдоо каражаттарына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Эске сала кетсек, 58 килограмм салмактык категорияда Кыргызстандын намысын коргогон Тыныбекова коло медаль үчүн болгон беттеште индиялык спортчу Сакши Маликке утулуп калган

"23 жаштагы балбан кызга мамлекет 375 миң доллар сыйлык берип, мамлекеттик кызмат сунуштайт", — деп айтылат маалыматта. 

Сакши Малик Рио Олимпиадасында Индиянын капчыгына биринчи медалды алып келди. 

Айсулуу Тыныбекова тууралуу кызыктуу 5 фактыны Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0