Риодо жол кырсыгынан каза болгон машыктыруучу төрт адамга донор болду

© REUTERS / Reinhard Krause/FilesРио-де-Жанейродо жол кырсыгынан каза болгон Германиянын машыктыруучусу Штефан Хенц. Архив
Рио-де-Жанейродо жол кырсыгынан каза болгон Германиянын машыктыруучусу Штефан Хенц. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Штефан Хенце жол кырсыгына кабылып, баш сөөгү катуу жабыркаган. Анын жүрөгү, боору жана эки бөйрөгү башка адамдарга берилди.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Рио-де-Жанейродо жол кырсыгынан каза болгон Германиянын машыктыруучусу Штефан Хенце төрт адамга донор болду. Бул тууралуу РИА Новости Die Welt басылмасына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

35 жаштагы Хенце жол кырсыгына кабылып, башынан оор жаракат алган.

"Кырсыкка кабылган машыктыруучунун жүрөгү, эки бөйрөгү жана боору башка адамдарга берилди. Аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес", — деп айтылат маалыматта. 

Хенце Афинадагы Олимпиадада коло медалга ээ болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0