Испанияда кенч издеп жерге кирип кетти деген кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБарселона шаары. Архив
Барселона шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү таптырбай жаткан кишинин жакын таанышы анын дайынсыз жоголуп, чуңкурдун жанында буюм-тайымдары калганын бийликтегилерге кабарлаган.

БИШКЕК, 17-авг. – Sputnik. Испаниялык куткаруучулар кен издеп жатып, жер алдына түшүп кетиши мүмкүн деген кишинин сөөгү табылды. Бул туурасында РИА Новости La Sexta телеканалына шилтеме берүү менен кабарлады.

Ысык-көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уламыш: Ысык-Көлдүн түбүндө армяндар эмне байлык катып кетишкен
Окуя Испаниядагы Самора шаарына жакын жайгашкан Вальдеррей деп аталган аймакта болгон. 

Мындан бир нече ай мурда Марокконун 38 жаштагы жараны досу менен биргеликте кенч издеп өзүнүн фермасынын аймагын каза баштаган. Кенч тууралуу маалыматты ал жергиликтүү тургундардан алган. Байлык издеген киши жерди 10 метрге чейин казууга жетишкен.

Дүйшөмбү күнү анын жакын таанышы эркек киши дайынсыз жоголуп, чуңкурдун жанында буюм-тайымдары калганын бийликтегилерге кабарлаган. Куткаруучулар тартылып, ал жерди экскаватор менен казып, өрт өчүрүүчүлөр күзөтүшкөн. 

Эртеси анын жансыз денеси өзү казган чуңкурдан табылган. Адистер анын аба жетпей каза болгонун айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0