Японияда сафари-паркта иштеген аял аюунун курмандыгы болду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүГималай аюусу. Архив
Гималай аюусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Телеканалдын маалыматына караганда, кырсык жырткычтарды сыртта сейилдетип, эркин бастырып жүргөндө болгон.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Гумма деп аталган перфектурада жайгашкан сафари-паркта аюу кол салган аял ооруканадан көз жумду. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Аллигатор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Флоридада аллигатор аялдын колун үзө тиштеп алган
NHK телеканалынын маалыматына караганда, кырсык шейшемби эртең менен болгон. Аталган жайдын 46 жаштагы кызматкери чакан унаа менен аймакка байкоо салып жүргөндө аюу кол салган. Жабыркаган аялды ооруканага жеткирген менен аюу көкүрөгү менен ичин тырмактап тытып салгандыктан көз жумган. 

Телеканалдын маалыматына караганда, кырсык жырткычтарды сыртта сейилдетип, эркин бастырып жүргөндө болгон. Кишиге кол салган аюнун боюнун узундугу 1 метр 70 саниметр болгон. Аталган сафари-паркта жырткычтар менен жаныбарлар эркин жайылып жүргөн жети аймак бар. Алты жыл мурда ушул эле парктагы буйвол кишиге кол салган окуя катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0