Бельгияда лотереядан 6 млн. евро утуп алган жеңүүчү байгесине келбей койду

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүЕвро купюралары. Архив
Евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган акчаны алып кетүү үчүн жеңүүчүгө 13-августка чейин убакыт берилген.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бельгияда улуттук лотереядан 6 миллион евро утуп алган жеңүүчү байгесин алуу үчүн келбей койду. Бул тууралуу РИА Новости улуттук лотереянын өкүлдөрүө таянуу менен жазып чыкты.

Улуттук лотереянын кызматкерлери жеңүүчүнү табуу үчүн үч тилде жарнама берген. 

"Жеңүүчү 13-августка чейин байгесин алып кетүүсү керек болчу. Бардык лотерея сатуучу жайларга, жана гезиттерге жарнама бергенбиз", — деп айтылат маалыматта. 

Бельгияда бул көрүнүш биринчи ирет болуп жаткан жок. Буга чейин 2008-жылы да бир миллион евро утуп алган жаран табылбай калган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0