Казак премьери Масимов Медведевден Кененсары хандын башын сурайт

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүКазакстандын премьер-министри Карим Масимов жана Россия премьер-министри Дмитрий Медведев. Архив
Казакстандын премьер-министри Карим Масимов жана Россия премьер-министри Дмитрий Медведев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта Сочи шаарында Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анын алкагында эки тараптын жолугушуусу каралган.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Казакстандын премьер-министри Карим Масимов Twitter тармагындагы баракчасына Дмитрий Медведев менен боло турган жолугушууда Кененсары хан менен Кейки баатырдын башын сурай турганын жазып чыкты. 

​Белгилей кетсек, Сочиде 11-12-август аралыгында Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анын алкагында эки тараптын жолугушуусу каралган.

"Медведев менен жолукканымда Кененсары хандын гана эмес, Кейки баатырдын дагы башын кайтарып берүү маселесин көтөрөм", — деп жазды Масимов. 

Эскерте кетсек, Кененсары хан менен Кейки баатырдын баш сөөгү Россиядагы музейлердин биринде сакталуу деп айтылып келет.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0