Эрдоган: АКШ же Түркияны, же Гүленди тандап алышы керек

© REUTERS / HANDOUTТүркиянын президенти Тайип Эрдоган. Архив
Түркиянын президенти Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий Анкара Гүлендин тарапташтарын террорчулар деп айыптап, өлкөдө болгон баш аламандыктын уюштуруучулары деп атоодо.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Америка эртели-кеч Анкараны же оппозициячыл Фетхуллах Гүлендин уюмун (FETO) тандай турган убакыт келерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Anadolu маалымат агенттигине таянуу менен билдирди.

"Америка эртеби-кечпи Анкараны же FETOну тандашы керек", — деп өлкө башчынын Анкарадагы тарапташтары менен болгон жолугушуусундагы сөзүн келтирет басылма.

Исламабад шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пакистандагы түрк мектептеринин директорлору алмашты
Белгилей кетсек, 15-июлда Түркияда бийликтик аскердик төңкөрүш менен басып алууга аракеттер болгонун расмий бийлик айтып чыккан. Баш аламандыктан эки жүздөн ашык киши каза болуп, эки миңден ашык адам жаракат алган.

Расмий Анкара өлкөдөгү баш аламандыкты динаятчы Фетхуллах Гүлендин тарапташтары жасаганын айтып, айыптоодо. Өз кезегинде Гүлен мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0