Колумбияда бардык жарандарды донор тизмесине киргизген жаңы мыйзам чыкты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМедициналык инструменттер. Архив
Медициналык инструменттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр аталган өлкөдө донорлордун саны болгону 195ке жетсе, 2256 адам трансплантацияга муктаж болгон.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Колумбиянын президенти донордук боюнча жаңы мыйзамга кол койду. Анда аталган өлкөнүн ар бир жараны донор болуп калат. Бул тизмеге өмүрүнө кол салгандар кирбейт.

Пекиндин жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда органдарын донорлукка тапшырууга даяр адамдардын саны арбып бара жатат
Мыйзамдын авторлору жана Колумбиянын конгрессмендеринин айтымында, бул абдан гумандуу документ. Себеби, аталган өлкөдө адам органдарына муктаж болгондор арбын. Жаңы мыйзам органдарды издөөнү кеңейтип жана көп адамдардын өмүрүн сактап калганга көмөкчү болот.

Колумбиянын органдардын донорлугу боюнча улуттук фондусунун маалыматына караганда, өткөн жылы 2256 оорулуу органдардын трансплантациясына муктаж болгон. Ал эми донорлордун саны болгону 195ке жеткен. 

Аталган өлкөнүн медицина боюнча эксперттери бир адамдын органы 7-10 адамдын жашоосун сактап калышы мүмкүндүгүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0