БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Росссия Түркия үчүн Евробиримдик ти алмаштыра аларын Режеп Тайип Эрдоган Санкт-Петербургдагы сапарында көрсөттү. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы жазып чыкты.
Эки мамлекеттин президенттери орус-түрк мамилесинин солгундап кеткенинен кийин алгачкы жолугушуусу 9-августта Санкт-Петербург шаарында өттү.
"Ошентсе да эки мамлекеттин келечектеги кызыкчылыктары бири-бирине туура келбейт. Өзгөчө Сирия, экономика жана энергетика боюнча кайчы пикирде. Андыктан биз бардык каналдарды Анкара үчүн ачык кармашыбыз керек", — деген Евробиримдиктеги жогорку кызмат адамынын пикирин Wall Street Journal баса белгилеген.
Европалык башка бир аткаминер Эрдогандын сапары "анын күчүн башкаларга көрсөтүү, бизди оңой ойлобогула деген кыязда" экенин айткан.
"Көптөгөн ири өнөктөштөр Россия менен болгон мамиледе орустардын абалды турукташтырууга болгон аракетине карабастан олуттуу күмөн санашат", — деген пикирин экс-президент Жорж Буштун (кичүүсү) администрациясынын мурдагы кеңешчиси Томас Грэм билдирген.
Wall Street Journal басылмасы Эрдогандын Россияга болгон сапары Анкаранын Москвадан жардам күтүүгө даяр экенин айгинелеп турганын жазат. Ошол эле учурда европанын лидерлери Түркияны "Ислам мамлекети" террордук тобуна карата күрөшүүдө Европанын негизги өнөктөшү болуп кала берерин белгилешкен.