Көчмөндөр оюндарын япониялык NHK телеканалы чагылдырат

Жазылуу
Оюндардын жүрүшүндө NHK телеканалы Япониянын коомчулугун көп кылымдык көчмөн элдердин маданияты менен тааныштырат.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Япониялык NHK телеканалы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырат. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы билдирди. 

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт. Мелдештердин программасында спорттун 26 түрү бар. 

"Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, телеканал Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн өзүнүн атайын тобун жиберет. Оюндардын жүрүшүндө NHK Япониянын коомчулугун көп кылымдык көчмөн элдин маданияты жана салттары, спорттук жана маданий иш-чаралардын жүрүшү тууралуу тааныштырат", — деп айтылат маалыматта. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0