Окумуштуулар жалкоо адамдар акылдуу болорун далилдешти

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүЭс алып отурган адам. Архив
Эс алып отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар жогорку интеллект жашоонун аз кыймылдуу образына шылтоо болбошу керек экенин белгилешет.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. АКШнын окумуштуулары изилдөө учурунда жалкоо адамдардын интеллектиси жогору болорун далилдешкендиги тууралуу The Independent агенттигине шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Флорида университетинин изилдөөчүлөрү 60 студентти жыйнап, аларды эки топко бөлүшкөн. Бардыгына бирдей тапшырмалар берилгенде 30 адам көнүгүүлөрдү канааттануу менен аткарып, көйгөйлөрдү чечүүнүн жаңы жолдорун издеп жатышканын билдирген. Ал эми экинчи топтогу 30 адам маселелер үстүндө муктаж маалда гана ойлонушарын билдиришкен. 

Девушка перед операцией на груди. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Атанын жеген тамагы кыздардын эмчек рагын шартташы ыктымал
Тажрыйбалык изилдөөнүн катышуучуларына фитнес браслеттер тагылган. Натыйжада маселенин үстүндө "ойлонуп" иш жасаган студенттер экинчи топтогуларга караганда көп кыймыл жасагылары келбей турганы белгилүү болгон. 

Мындай тажрыйбадан кийин окумуштуулар көп ойлонбогон адамдар бат зеригип, бош убактысын физикалык активдүүлүккө жумшайт деген бүтүмгө келишкен. Ал эми жалкоолук ойго чөмүлгөн адамдарда пайда болору аныкталды. Бирок буга карабастан окумуштуулар жогорку интеллект жашоонун аз кыймылдуу образына шылтоо болбошу керек экенин белгилешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0