БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кытай бийлиги киши өлтүрдү деп жалган жалаа менен 13 жыл отурган аялга 1,72 миллион юань (258 миң АКШ доллары) компенсация төлөп бергенин РИА Новости агенттиги Синьхуа агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.
Синьхуанын маалыматына ылайык, Цянь Жэньфэн бала бакчада иштечү. 2002-жылы ал жакта бир бала ууланып каза болуп, экөө ооруканага жаткырылган. Ошол күнү балдарга тамакты Жэньфэн жасаган. Аны тамакка келемиштин уусун кошту деп күнөөлөп, айыпты моюндоого мажбурлашкан.
2013-жылы Юньнань провинциясынын прокуратурасы ишти кайрадан карап, ага эки жыл убакыт кеткен. 2015-жылы майда прокуратура аялдын күнөөлүү экенин далилдей турчу фактылар өтө эле аз экенин айтып, ишти кайрадан карап чыгууну сунуштаган. 2015-жылы декабрда сот Цянь Жэньфэндин күнөөсүн далилдей турчу фактылар жок экенин айтып, аялды бошоткон.
Андан кийин жабырлануучу сотко 1,45 миллион доллар төлөп берүү боюнча сотко кайрылган. Аялдын доо арызын караган сот адилетсиз чечим чыгарып, жалган жалаа менен 13 жыл абакта отурганы үчүн аялга 258 миң доллар төлөп берүү боюнча өкүм кылган.