Discovery Networks телеканалы Кыргызстан тууралуу программа тартууну каалайт

© Sputnik / Владислав УшаковКара-Суу көлү. Архив
Кара-Суу көлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спутник аркылуу обого чыккан каналды 155 өлкөдө сүйүп көрүшөт.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Discovery Networks телеканалы Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Аталган маанайдагы билдирүү вице-премьер Гулмира Кудайбердиеванын атына келип түшкөн. 

Анда Discovery Networks телеканалынын вице-президенти Жеймс Кук Кыргызстан менен биргеликте чоң долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенип жатканын айткан. 

"Биз Кыргызстан менен биргеликте иштөөгө кызыкдарбыз. Ар кыл долбоорлорду ишке ашыруу менен Кыргызстандын атын чыгарууга болот", — деп айтылат аталган катта. 

Discovery Networks телеканалынын өкүлдөрү август айынын ортосунда Кыргызстанга келүүсү пландалууда. 

Discovery Networks — спутник телеканалы. Аны 155 өлкөдө көрүп, компанияда 4500 кызматкер эмгектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0