Немис саясатчысы Эрдогандын аракеттеринен Гитлердин мүнөзүн байкаганын айтты

© REUTERS / Murat Cetinmuhurdar/Presidential PalaceТүркия президенти Тайып Эрдоган. Архив
Түркия президенти Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Түркияда болгон окуялар 1933-жылы Германияда болгон окуяга абдан окшош экенин белгилеген.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Германиянын "Эркин Демократиялык партиясынын" лидери Кристиан Линднер Bild am Sonntag басылмасына берген маегинде учрудагы Түркияны 1933-жылдардагы нацисттик Германияга салыштырганын РИА Новости билдирди. Ошол учурда дагы Гитлер өзүнүн бийлигин бекемдөө үчүн Рейхстагды өрттөп жиберген.

Немис саясатчысы жакында эле Түркияда болгон окуялар жана Рейхстагдын өрттөлүшү окшош экенин айтып, экөөндө тең мамлекет башчылары аны бийлигин бекемдөө үчүн атайылап уюштурганын айтты.

"Биз мамлекеттик төңкөрүштү 1933-жылдагыдай эле Рейстагдагы өрттөн кийинки абалдай карап жатабыз. Эрдоган өзүнүн бийлигин күчтөндүрүү үчүн авторитардык режим куруп жатат. Адамдардын укугу жана эркиндиги ал үчүн маанилүү болбой калды. Андыктан ал Европанын өнөктөшү боло албайт", — дейт Линднер.

Мармарис аймагында кармалган аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган жайгашкан мейманканага кол салган 36 аскер адамы кармалды
Ал Түркиянын Европа биримдигине кабыл алуу аракеттери эмнеге мурда эле токтотулбаганына жини келгенин айтты.

Белгилей кетсек, 16-июлга караган түнү Түркияда бийликти аскердик төңкөрүш жасап басып алууга аракеттер болгон. Анда жүздөгөн кишилер каза болуп, миңдеген кишилер түрдүү жаракаттарды алган. Бул окуядан кийин өлкөгө үч айга чейин өзгөчө кырдаал киргизилген. Бул баш аламандыкты дин аалымы Фетхуллах Гүлендин тарапташтары жасаганын расмий Анкара байма бай айтып келет. Ал эми Гүлен түрк бийлигинин мындай айыптоосун суу кечпей турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0