Быйыл Европага деңиз аркылуу 262 миңден ашык качкын келген

© AP Photo / Santi PalaciosСууда сүзүп бараткан качкындар. Архив
Сууда сүзүп бараткан качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кооптуу жол менен келүүдө 3132 киши жоголуп же сууга чөгүп кеткен.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Жер ортолук деңиз аркылуу быйыл Европага 262 миңден ашык качкын келгенин Миграция боюнча эл аралык уюм билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Италия полициясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрантчылыктагы таалайсыз тагдыр. Италиядагы качкын фанаттын колунан каза тапты
Маалыматка ылайык, кооптуу деңиз жолу менен 262 миң 39 киши келген. Ошол эле учурда 3132 киши жоголуп же сууга чөгүп кеткен.

Мигранттар эң көп былтыр октябрь айында келген. Бир айда эле 220,5 миңден ашык киши Европага Греция аркылуу өткөн. Быйыл болсо эң көп качкындардын ири агымы январь айында катталып, 72,6 миң качкынды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0