Израилдик хакерлер "Ислам мамлекетинин" планы белгиленген сайтты бузушту

© flickr.com / hackNY.orgНоутбукта иштеп жаткан адам. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форумда согушкерлер чабуул жасаган жана мындан ары жасай турган жерлерди талкуулашкан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Израилдин Intsights компаниясынын адистери "Ислам мамлекети" террористтик тобуна таандык сайтты бузуп, согушкерлердин чабуулунун планын аныкташты. Бул тууралуу Haaretz гезитине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, сайттагы форум Telegram мессенджеринин базасында иштеп келген. Компания хакерлер сайтты кантип талкалап киришкенин ачыктаган жок. 

"Форумда согушкерлер АКШнын Кувейттеги, Бахрейн жана Сауд Аравиясындагы авиабазаларына чабуул коюу пландарын талкуулашкан. Ошол жерде буга чейин террорчулардын соккусуна туш болгон аймактар да белгиленген, мисалы, Нормандиядагы чиркөө", — деп айтылат билдирүүдө. 

Девушка держит плакат во время молитвы в память погибшим теракта в Ницце - Sputnik Кыргызстан
Аалам акылынан айныганда. Акыркы эки жумадагы киши өлтүрүүлөр жана терактылар
Эскерте кетсек, 26-июль күнү эртең менен колуна бычак алган эки эркек киши Нормандиядагы Сент-Этьен-дю-Рувре чиркөөсүндө алты адамды барымтага алып. Аялдын бири качып чыгып, полиция чакырууга үлгүргөн. Имараттан чуркап чыккандар ошол эле жерден өлтүрүлгөн. Чиркөөнүн ичинен 85 жаштагы мууздалган кызматкердин сөөгү табылган. Бул чабуулдун жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террористтик тобу моюндаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0