Түркия эли козголоңдон кийинки эки жумада 11 млрд. доллардан арылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДоллар акчасы. Архив
Доллар акчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Режеп Тайип Эрдоган жарандардын доллардан арылууга болгон умтулуусун патриоттуулук деп атады.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Түркия жарандары мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетинен кийинки эки жуманын аралыгында 10,85 миллиард доллар сатканын Anadolu агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди.

Борбордук банктын маалыматы боюнча чет элдик валютадагы депозит көлөмү 6,2 пайызга, башкача айтканда 174,1 миллиарддан 163,3 миллиард долларга чейин төмөндөп кеткен.

Haber10 маалымат сайтынан алынган кадр. Президент Алмазбек Атамбаев. - Sputnik Кыргызстан
Түркия ЖМКлары Атамбаевдин билдирүүсүн "күтүлбөгөн сокку" деп баалады
Президент Режеп Тайип Эрдоган жарандардын доллардан арылууга болгон умтулуусун патриоттуулук деп атады.

Эскерте кетсек, 16-июлга караган түнү козголоңчулар аскердик төңкөрүш жасоого аракет кылышкан. Негизги кагышуу Анкара менен Стамбул шаарларында өттү. Акыркы маалыматтар боюнча андан 200дөн ашуун киши өлүп, эки миңге жакыны жарадар болгон.

Түрк бийлиги төңкөрүш жасоо аракетинин жоопкерчилигин АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүленге жүктөп, анын экстрадициясын талап кылышкан. Гүлен төңкөрүш аракет кескин сындап, ага тиешеси жок экенин билдирген. Мындан тышкары, Түркияга кайтуудан эч кооптонбой турганын айткан. Кийинчерээк юстиция министри Бекир Боздаг Гүленди экстрадициялоо боюнча АКШга дагы сурам жөнөткөнүн билдирсе, мамлекеттик департамент бул тууралуу эч кабары жок экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0