Күйөөсүнөн качып кеткен кыз кудалардын атышуусуна себеп болду

© REUTERS / Andrea ComasИспания полиция кызматкерлери. Архив
Испания полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Испанияда цыган үй-бүлөлөрү ортосунда атышуу болуп, беш киши жабыркады.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Испаниянын Аргамасилья-де-Калатрава шаарында цыган үй-бүлөлөрдүн ортосундагы атышуудан беш киши жабыркап, Жарандык Гвардиянын төрт кызматкери жаракат алганын РИА Новости билдирди.

Полицейская лента. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШнын Техас штатында белгисиз жаран жай тургундарга ок жаадырды
Атышуу шаар көчөлөрүнүн биринде болгонун Europa Press агенттиги маалымдады.

Цыган үй-бүлөлөрдүн ортосундагы атышуу турмушка чыккан кыздын айынан болгон. Ал күйөөсүнүн үйүнөн ата-энесиникине качып келген.

Окуяга Жарандык Гвардиядан тышкары Улуттук полиция жана абадан тик учак тартылган.

Жаракат алгандардын баары жакынкы ооруканага жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0