БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Россиялык "Сова" атмосфералык спутниги биринчи болуп Сибирди жана Россиянын түндүк бөлүгүн изилдейт. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын изилдөөлөр фондунун жетекчиси Игорь Денисовго таянуу менен билдирди.
Анын айтымында аталган спутник күндүн энергиясы менен жүрөт.
"Спутник буга чейин сыноолордон өткөн. Алгач изилдөөлөрүн Сибирден жана өлкөнүн түндүк аймагынан баштайт", — деди Денисов.
Ал Россиянын айрым жерлерине күн тийбей турганын айтып, жакынкы күндөрү башка спутниктер да ойлоп табыларын кошумчалайт.
"Сова" атмосфералык илимий изилдөө спутниги жер үстүндө учуп, ар кыл аймактарды изилдөөлөргө жардам берет.