Окумуштуулар витаминден кубат ала турган батарейка ойлоп табышты

© flickr.com / yoppyБатарейка. Архив
Батарейка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жаңы ойлоп табылган батарейкалар ар кыл сыноолордон өткөрүлүүдө.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Канадалык химиктер жана физиктер витамин менен иштей турган батарейка ойлоп табышты. Бул тууралуу РИА Новости Advanced Functional Materials журналына таянуу менен билидрди.

Торонто университетинин профессору Дуайт Сеферостун айтымында, батарейкалар В2 витамининин жардамы менен иштейт.

"Биз гаджеттерди иштетүү үчүн ар кыл буюмдарды изилдеп отуруп, В2 витамининин жардамы менен иштей турган батарейка ойлоп таптык", — дейт Дуайт Сеферос.

Ал батарейкалар учурда сыноодон өтүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0