Риодогу Олимпиада айылында сыйынуучу жай ачылды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүРио-де-Жанейродогу пляж волейбол аренасы. Архив
Рио-де-Жанейродогу пляж волейбол аренасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жайда ислам, христиан, индуизм жана буддизм дининин өкүлдөрү сыйына алышат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Рио-де-Жанейродогу Олимпиада айылында сыйынуучу үй ачылды. Бул тууралуу РИА Новости The Huffington Post агенттигине таянуу менен кабарлады.

Аталган жайда ислам, христиан, индуизм жана буддизм дининин өкүлдөрү сыйына алышат. 

"Биздин максат спортчуларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү болуп саналат. Аталган жайда ар бир дин үчүн өзүнчө бөлүктөр бар. Аталган жерде 50дөн ашуун адам сыйына алат", — деди сыйынуучу жайдын кызматкери Леандро Тавареса. 

Ал аталган жайда ислам дини боюнча эркек менен аялдын эки бөлөк намаз окуусу эске алынганын кошумчалайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0