Бразилия Олимпиаданын шаан-шөкөттүү ачылыш аземинен баш тартты

© AFP / YASUYOSHI CHIBAРио-де-Жанейродогу Маракана стадиону. Архив
Рио-де-Жанейродогу Маракана стадиону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар өлкөдөгү экономикалык татаал абалды эске алып, иш-чаранын ачылышын Лондон Олимпиадасына сарпталган 42 миллион доллардын теңин гана коротууну эп көрүшкөн.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтүүчү жайкы Олимпиаданын ачылыш аземи Пекин же Лондондогудай шаан-шөкөттүү болбойт. Бул тууралуу Reuters агенттигине аткаруучу продюссер Марко Балич билдирди. 

Борбор калаанын "Маракана" стадионунда келе жаткан жума күнү өтүүчү салтанат Бразилиядагы экономикалык каатчылыктан улам анча кымбатка түшпөйт. Уюштуруучулар иш-чаранын ачылышына 2012-жылкы Лондон Олимпиадасына сарпталган 42 миллион доллардын теңин гана коротууну эп көрүшкөн.

"Аша чапкан шоу болбойт. Пекинде, Афинада же Лондондо тартууланган шаан-шөкөттөн баш тарттык. Бул жөнөкөй, бирок заманбап азем болот", — деди Балич. 

Эскерте кетсек, Балич Сочиде өткөн Олимпиада оюндарынын ачылыш аземин даярдоого катышкан. Ал эми быйылкы оюндар 5-21-август күндөргө белгиленген.

Рио-де-Жанейродогу олимпиадада кыргызстандык спортчулар кайсы күнү беттешерин Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0