Эрдоган жайгашкан мейманканага кол салган 36 аскер адамы кармалды

© REUTERS / Kenan Gurbuz Мармарис аймагында кармалган аскер. Архив
Мармарис аймагында кармалган аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармоо иштери жергиликтүү тургундардын билдирүүсүнөн кийин жүргөн.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Түркия бийлиги козголоң учурунда өлкө башчы Режеп Тайип Эрдоган токтогон мейманканага кол салган 36 аскер кызматкери кармалганын вице-премьер Нуман Куртулмуш билдирди.

Буга чейин бүгүн түнү Түркиянын түштүк-батышындагы Мугда провинциясында кол салууга шектелген 11 аскер адамы кармалганы айтылган. Кийинкилер жергиликтүү элдин жүгөрү талаасында шектүү адамдар жүрөт деген билдирүүсүнөн кийин колго түшүрүлгөн. Аларды кармоо операциясына тик учактар тартылды.

"Мейманканага кол салган 37 кишинин 36сы кармалды. Түн ичинде 11 киши колго түшүрүлгөн. Кенже офицерди иштөө иштери жүрүп жатат. Бул аскер адамдары мейманканага кол салуу аракетине өз ыктыярлары менен катышкан", — деди Куртулмуш дүйшөмбү күнү өткөн маалымат жыйында.

Эскерте кетсек, Стамбул менен Анкара шаарларында 16-июлга караган түнү козголоң чыгып, аскердик төңкөрүш жасоого аракет болгон. Бийликтин көргөн чарасы менен ал ишке ашпай, акыркы маалыматтар боюнча 246 киши каза болгон. Мындан тышкары, эки миңден ашуун адам ар кандай жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0