Ереванда барымтага алынган дарыгерлер бошотулду

© © Sputnik  / Медиабанкка өтүүЕревандагы "Сасна црер" тобунун мүчөлөрү. Архив
Еревандагы Сасна црер тобунун мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Барымтага атышуудан жабыркагандарга жардам берүү үчүн барган дарыгерлер алынган.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Армениянын борбору Ереванда болгон кагылышуудан улам барымтага алынган дарыгерлер бошотулду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Обстановка у захваченного здания полиции после появления митингующих - Sputnik Кыргызстан
Ереванда басып алынган полициянын имаратынын алдына чогулгандар чакырыктарды кыйкырышты
Маалыматка ылайык, 27-июлга караган түнү Ереванда "Сасна црер" куралдуу тобу менен полиция кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, андан жабыркагандарга жардам берүү үчүн барган дарыгерлер барымтага алынган.

Эскерте кетсек, 17-июлда эртең менен Армениянын борбору Ереван шаарынын Эребуни аймагындагы полициянын имаратын куралчан топ басып алган. Алар камакка алынган Армениянын "Учредительный парламент" оппозициялык жарандык демилгесинин координатору Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0