Окумуштуулар гипноз учурунда адамдын мээси кандай иштерин иликтешти

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКөз. Архив
Көз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган изилдөөгө жүздөн ашуун адам катышып, күтүлбөгөн маалыматтар алынган.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Стэнфорд университетинин окумуштуулары гипноз учурунда адамдын мээси кандай иштей тургандыгын иликтөөгө алышканын РИА Новости Cerebral Cortex журналына шилтеме берүү менен билдирди.

Аталган университеттин окумуштуусу Дэвид Шпигелдин айтымында изилдөөгө жүздөн ашуун адам катышкан. 

"Биз гипноз учурунда адамдын мээси кандай иштей тургандыгы тууралуу изилдөө жүргүзүп, бир топ күтүлбөгөн маалыматтарды топтой алдык. Алынган маалыматтардын жардамы менен гипноз аркылуу стресстен чыккысы келгендерге жардам берсе болот", — дейт Шпигель. 

Профессор бүгүнкү күндө бардык окумуштуулар гипноздун таасири бар экенин моюнга алышканы менен аны эч ким изилдей электигин, жакында дагы маалыматтар толукталаарын кошумчалаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0