Барак Обама: терроризмдин исламга тиешеси жок

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүАКШ президенти Барак Обама. Архив
АКШ президенти Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы "радикалдык ислам" термини менен ислам дининин байланышы жок деген ойдо.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. АКШ президенти Барак Обама CBS телеканалына интервью берип жатып терроризмдин исламга эч кандай тиешеси жок экендигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости аталган каналга шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, радикалдык ислам термини мусулмандар динине байланышы жок. 

"Мен "радикалдык ислам" деген терминди такыр колдонбойм. Анткени "Ислам мамлекети" же "Аль-Каида" террордук топторун ислам дини менен байланыштыруу туура эмес", — деди Обама. 

АКШ президенти экстремизмди жоготуу маселеси анын тынчын көп аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0