Аалам акылынан айныганда. Акыркы эки жумадагы киши өлтүрүүлөр жана терактылар

© REUTERS / AMIT DAVEДевушка держит плакат во время молитвы в память погибшим теракта в Ницце
Девушка держит плакат во время молитвы в память погибшим теракта в Ницце - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балта, жардыргыч, бычак. Полиция имараттарына, оорукана менен чиркөөлөргө кол салуулар. Sputnik Кыргызстан акыркы жарым айдагы кандуу окуяларды тизмектеп чыкты.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Психиатриялык ооруканадан качкан Алжирден келген жаран Германиянын Бремен шаарындагы соода борборун жардырам деп коркутканын ЖМКлар жазып чыгышты. 

Sputnik Кыргызстан редакциясы ушул мезгил аралыгындагы террористик актылар менен кандуу окуяларды эскерди.

© AP Photo / Sasha GoldsmithНицца шаарындагы жардыруу учурундагы кыызматын өтөп жаткан полиция кызматкерлери. Жардыруудан 84 адам оор жаракат алган
Теракт в Ницце в ходе праздника в честь Дня взятия Бастилии - Sputnik Кыргызстан
Ницца шаарындагы жардыруу учурундагы кыызматын өтөп жаткан полиция кызматкерлери. Жардыруудан 84 адам оор жаракат алган

14-июль. Франция

Жүк ташуучу унаанын айдоочуссу кечке маал Ниццанын Бастилияны алууга арналган фейерверкти көргөнү чогулган элди атайылап тебелеген. 84 адам курман болуп, жарадар болгондордун көбү азыр да оор абалда. Терактты Ниццанын тунис улутундагы 31 жашар тургуну Мохамед Лахуайедж Бухлель жасаган. Анын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террористтик тобу өз мойнуна алды. Кылмышты иликтөө учурунда жети адам кармалган.

© AP Photo / Emrah GurelТүркиядагы төңкөрүш жасоо аракетиндеги активисттердин сүрөтү. Полиция митингге чыкандарды таркатуу айласын көрүүдө
Попытка военного переворота в Турции - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы төңкөрүш жасоо аракетиндеги активисттердин сүрөтү. Полиция митингге чыкандарды таркатуу айласын көрүүдө

16-июль. Түркия, мамлекеттик төңкөрүш аракети

16-июлга караган түнү Түркияда козголоңчулардын тобу аскер төңкөрүшүн жасоого аракет кылышкан. Акыркы маалыматтарга ылайык, Стамбул менен Анкарада болгон тирешүүнүн натыйжасында козголоңчулардан тышкары 246 түрк жараны каза болуп, 2 миңден ашыгы жаракат алган. 13 миңден ашык адам кармалып, 5 миңге чукул киши камакка алынды. 

© Sputnik / Артур Есаянц / Медиабанкка өтүүЕревандагы кылмышкерлерди колго түшүрүү учуру
Захват здания полиции в Ереване - Sputnik Кыргызстан
Еревандагы кылмышкерлерди колго түшүрүү учуру

17-июль. Армения

Эртең менен куралдуу адамдардын тобу күзөт кызматынын полку жайгашкан имаратты басып алып, мыйзамсыз курал-жарак сатып алып, сактагандыгы үчүн камакка алынган "Учредительный парламент" оппозициялык жарандык демилгесинин координатору Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышкан. Атышуу учурунда полициянын бир кызматкери өлтүрүлүп, бир нечеси жаракат алган. 

17-июль. АКШ

Ок атууга байланышкан окуя Флорида штатынын Тайтусвилл шаарындагы медициналык борбордо болгон. Натыйжада эки адам өлдү. Алар улгайып калган бейтап аял менен оорукананын кызматкери болчу. Кылмышкер колго түшүрүлгөн.

© REUTERS / Pavel MikheyevАлматыдагы атышуудан улам жаракат алган жаранга жардам көрсөтүлүүдө
Стрельба в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Алматыдагы атышуудан улам жаракат алган жаранга жардам көрсөтүлүүдө

18-июль. Казакстан

Куралчан киши Алматыда полиция кызматкерлерине кол салган. Үч укук коргоочу жана полициянын пенсиядагы подполковниги курман болуп, дагы бир полиция кызматкери шейшемби күнү ооурканада көз жумду. Беш полиция кызматкери жана катардагы эки жаран ооруканага жаткырылып, шектелүүчү колго түшүрүлдү. 

19-июль, Улуу Британия

Белгисиз адам Линкольншир графчылыгында адамдарга ок чыгарып, үч адам менен бирге кылмышкер өзү да өлгөн. Полиция бул окуяны теракт катары каралбай турганын билдирди. 

19-июль. Германия

Афганистандан келген мигрант Вюрцбург шаарында бара жаткан поезддин жүргүнчүлөрүнө балта менен кол салып, төрт адамды оор жарадар кылып, кармоого аракет кылгандарга каршылык көрсөткөндө атып өлтүрүлгөн. 

20-июль. Йемен

Өлкөнүн түштүгүндөгү Аден шаарынын Мансур районунун борборундагы жардыруудан төрт адам курман болуп, дагы алтоо жабыркаган. Бомбаны жан кечти террорист жардырган.

21-июль. Германия

Мюнхендеги "Олимпия" ири соода борборунда ок атышуудан тогуз киши каза таап, 35 адам жарадар болгон. Полиция кызматкерлери окту иран улутундагы Германиянын 18 жашар жараны чыгарганын айтышат. 

22-июль. Афганистан

Афганистандын борбору Кабулда тынчтык демонстрациясынын жүрүшүндө жардыруулар болду. Андан 80 киши каза таап, 231 адам жаракат алган. Терактынын жоопкерчилигин ИМ алды. 

23-июль. Ирак

Багдадда (көпчүлүгү шейиттер жашоочу Аль-Кадимейн районунда) жан кечти өзүн жардырып, андан 21 адам өлүп, 35и жарадар болду. Жоопкерчиликти ИМ моюндады. 

Мындан сырткары, Багдаддан 280 чакырымча аралыктагы Ширкат шаарында эки жардыруу болду. Мина жардырган жанкечти өзү менен 13 кишини ала жатып, 19 кишини жабыркатты. 

24-июль. Германия, АКШ, Ирак

23-июлдан 24үнө караган түнү Бавариянын Ансбах шаарында музыкалык фестиваль өткөн жайга жакын жерде жадыруу болгон. Андан 27 жашар сириялык курман болгон. Бавариянын ИИМ башчысы жрдырууну Германиядан качкын статусун ала албай жүргөн сириялык жаран жасаганын айтат. Мунун жоопкерчилигин да ИМ өзүнө алды. 

Американын Огайо штатындагы Гамильтон шаарында белгисиз адам ок чыгарды. Бир адам курман болуп, дагы бир нечеси жаракат алган.

Американын Техас штатындагы Arbors of Bastrop Apartments отелинде атышуу болуп, натыйжада төрт адам каза тапкан. Чуунун себепчиси өзүн өзү өлтүрүп тынган.

Багдаддан 80 чакырым аралыктагы Халиас шаарына жакын жерде мина коюлган автоунаа жарылды. Акыркы маалыматтар боюнча, 16 киши каза таап, ондогон адам жарадар болгон. Жоопкерчиликти ИМ өзүнө алды.

Германиянын Ройтлинг шаарында 21 жашар сириялык киши бычак менен өзүнүн жарандык аялы жана Польшанын бир жаранын өлтүрүп салган. Кандуу окуядан дагы беш адам курман болгон.

© REUTERS / KYODOЯпониядагы майыптар үйүндөгү каргашалуу окуядан жабыркагандарга дарыгерлер жардам көрсөтүүдө
Резня в доме инвалидов в Японии - Sputnik Кыргызстан
Япониядагы майыптар үйүндөгү каргашалуу окуядан жабыркагандарга дарыгерлер жардам көрсөтүүдө

25-июль. Франция, АКШ, Япония жана Германия

Руана шаарчасында чиркөөдөгү элди барымтага алуунун натыйжасында чиркөө кызматкери курман болуп, эки киши жаракат алган. Кылмышкерлерди полиция жок кылды. Жоопкерчиликти ИМ өзүнө алган.

Флориданын Форт Майерс шаарында жайгашкан Club Blu клубунда отургандарга белгисиз адам ок чыгарган. ЖМК маалыматтарына караганда, клубда өспүрүмдөр үчүн кече жүрүп жаткан эле. Окуянын натыйжасында эки адам каза болуп, 17си жаракат алган.

Япония. 26 жашар Сатоси Уэмацу майыптар үйүнө кирип барып, 19 адамды өлтүрүп, 20 адамды оор жарадар кылган, дагы бешөө жеңил жаракат алган. Андан соң полицияга келип өз кылмышын мойнуна алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0