Apple компаниясы миллиард iPhone сатканын жарыялады

© AFP / GABRIELLE LURIEApple компаниясынан аткаруучу директору Тим Кук. Архив
Apple компаниясынан аткаруучу директору Тим Кук. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компаниянын аткаруучу директору Тим Кук күн сайын дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө салым кошкон кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Apple компаниясы миллиардынчы iPhone сатканын анын аткаруучу директору Тим Кук Калифорния штатында эмгек жамааты менен болгон жолугушууда билдиргенин РИА Новости агенттиги кабарлады.

Акыркы жылдары iPhone телефондорунун сатылышы төмөндөп кеткен. Ага карабастан Тим Кук iPhone телефондору рыноктогу маанилүү жана ийгилик жараткан телефон экенин баса белгиледи. Андан сырткары, Apple дүйнөлүк тарыхта эң таасирдүү компания экенин да кошумчалаган.

"Өткөн жумада биз миллиардынчы телефонду саттык. Башкаларга караганда көп акча табалы деген максатты койгон эмеспиз. Ошол эле учурда биз сапаттуу товарларды чыгарууга умтулганбыз", — деди ал.

Ал ошондой эле күн сайын дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө салым кошкон кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0