Кытайлык аял күйөөсү суу ташкындан биринчи энесин сактап калганы үчүн ажырашып кетти

© REUTERS / CHINA STRINGER NETWORKЖенщина с детьми во время наводнения в Китае. Архивное фото
Женщина с детьми во время наводнения в Китае. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы эле аралыкта болгон суу ташкында 164 адам каза таап, 150 адам дайынсыз жоголгон.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кытайлык аял суу ташкындан биринчи энесин сактап калган жолдошуна таарынып ажырашып кеткендиги тууралуу The Standard басылмасы жазып чыкты.

Басылмадагы маалыматка караганда окуя Кытайдын Синтай округуна караштуу Хэбей провинциясында болгон. Аймакты суу ташкын каптаган учурда Гао Фенгшоу аттуу жаран биринчи эле үйүнө жакын жерде жашаган энесин куткарууга чуркап жөнөгөн. Жолдошунун мындай аракетине таарынган аялы эки баласын алып кеткени аз келгенсип, чогуу чогулткан ири суммадагы акчасын дагы өзү менен кошо ала кеткен. 

Кытайдагы суу каптоонун кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда дамба жарылып, 8 миңден ашык адам коопсуз жайга чыгарылды
Учурда Гао Фенгшоу аялынын айылына барып андан кечирим сураганы жатат. 

Социалдык тармактардын колдонуучулары кытайлык жарандын аракетин мырзалык кадам катары баалап, "башка аял тапса болот, эненин табуу мүмкүн эмес" деген сыяктуу пикирлерди жазышкан. 

Жакынкы эле аралыкта болгон суу ташкында 164 адам каза таап, 150 адам дайынсыз жоголгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0