Россиянын коопсуздук кызматы башкы бажычы Бельяниновдун үйүн тинтүүгө алды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссиянын федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов. Архив
Россиянын федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бельянинов бир гана Россиянын федералдык бажы кызматынын башчысы эле эмес, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы катары да белгилүү.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Шейшемби күнү федералдык бажы кызматынын башчысы жана анын орун басарларынын иш бөлөмөлөрү тинтүүгө алынганын РИА Новости агенттиги Россиянын тергөө комитетине шилтеме берүү менен билдирди.

Тинтүү Бажы биримдигинин чек арасы аркылуу ири көлөмдөгү спирт ичимдиктерин алып өтүү жана ири көлөмдөгү салык төлөөдөн баш тартуу иштерин аныктоо аракеттеринин алкагында жүргөн. Айып төрт кишиге карата коюлган.

Маалыматтарга ылайык, Бельяниновго жана башка кишилерге карата кылмыш ишин козгоо азырынча карала элек.

"Андрей Бельянинов сурак берип, өзү жана жардамчылары тинтүүгө алынды", — деп айтылат маалыматта.

Бельяниновдун үйүн тинтүү учурунда тергөө комитетинин кызматкерлери ири суммадагы акча, эски сүрөттөр жана башка баалуу буюмдарды табышкан.

"Дождь" телеканалы өзүнүн ишенимдүү булактарына таянуу менен Бельянинов алты ай мурда кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазганын билдирди. Ал эми Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков андай арыз тууралуу билбей турганын айткан.

Бельянинов ошондой эле кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0