Атанын жеген тамагы кыздардын эмчек рагын шартташы ыктымал

© AP Photo / Ariana CubillosДевушка перед операцией на груди. Архивное фото
Девушка перед операцией на груди. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар иликтөөнүн алкагында биринчи топтогу чычкандарга чочконун майын берсе, экинчи топтогу чычкандарга жүгөрү майын беришкен. Ал эми үчүнчү топ тең салмактуу тамак менен азыктанган.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Чычкандарга жүргүзүлгөн тажрыйба көрсөткөндөй аталардын ичкен-жегени анын кызынын көкүрөк рагынын өрчүшүн шартташы мүмкүн. Мисалы, майлуу тамактарды көп жеген аталардын тукумунда рак илдетине чалдыгуу коркунучу жогору болорун РИА Новости Breast Cancer Research журналына шилтеме берүү менен билдирди.

"Бүгүн көпчүлүк окумуштуулар аталардын адаты анын тукумуна кандай таасир бере турганына кызыгып келишет. Бирок бүгүнкү күнү бир да окумуштуу атанын жеген тамагы эмчек рагына кандай таасир этерине кызыккан эмес. Биз эркек кишинин балалуу болгонго чейин жеген майлуу тамактары рак илдетин козгогучтарга кандай таасир берерин иликтеп көрдүк", — дейт Сан-Паулу университетинин окумуштуусу Томас Онг.

Алкоголдук шише. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: спирт ичимдиги рактын жети түрүнө алып келет
Окумуштуулар иликтөөнүн алкагында биринчи топтогу чычкандарга чочконун майын берсе, экинчи топтогу чычкандарга жүгөрү майын беришкен. Ал эми үчүнчү топ тең салмактуу тамак менен азыктанган.

Чычкандар төлдөгөндөн кийин алардын балдарына көкүрөк рак илдетин козгогучтарды жайгаштырып,кандай таасир берерин иликтешкен. Мында жаныбарлардын майын жеген чычкандардын тукумунда рак илдети тездик менен жайылганы байкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0