Германиядагы жардыруунун жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" алды

© REUTERS / MICHAELA REHLEЖардыруу болгон жердеги сапер
Жардыруу болгон жердеги сапер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардыруу музыкалык фестиваль өтүп жаткан жерде болгон. Ошол маалда иш-чара соңуна чыгып 2,5 миңге чукул киши үй-үйлөрүнө тарап жаткан.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Германиянын Ансбах шаарында болгон жардыруунун жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террордук тобу алды. Бул тууралуу аталган топко жакын ЖМКларга таянып РИА Новости билдирди.

Ирактын борбору Багдад шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Багдадда жан кечти өзүн жардырып, 10 адам набыт болду
Эскерте кетсек, дүйшөмбүгө караган түнү Ансбах шаарында музыкалык фестиваль өтүп жаткан жерде жардыруу болгон. Ошол маалда иш-чара соңуна чыгып 2,5 миңге чукул киши үй-үйлөрүнө тарап жаткан. Натыйжада бир киши каза болуп, дагы 12 адам жараат алган.

Бавария ИИМ башчысы буга чейин Ансбахтагы жардырууну качкын статусун ала албай койгон 27 жаштагы сириялык жаран ишке ашырганын жар салган. Ал эми күч түзүмдөрү окуяны — теракт, маркумду — экстремист деп атоодон этияттап турушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0