Кытай лидери Си Цзиньпин Барак Обама менен жолугууга кызыкдар

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүКытай Эл республикасынын башчысы Си Цзиньпин АКШнын лидери Барак Обама менен жолугушуу учурунда. Архив
Кытай Эл республикасынын башчысы Си Цзиньпин АКШнын лидери Барак Обама менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Си Цзиньпин жолугушуу АКШ менен Кытайдын мамилесин жандантат деген үмүттө.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кытай Эл республикасынын башчысы Си Цзиньпин АКШнын лидери Барак Обама менен жолугушууга кызыкдар. Бул тууралуу ал Обаманын кеңешчиси Сьюзан Райс менен кезиккен учурунда билдиргенин РИА Новости Синьхуа агенттигине таянуу менен кабарлады.

Си Цзиньпин жолугушуу АКШ менен Кытайдын мамилесин жандантат деген үмүттө. 

"4-5-сентябрь күндөрү Ханчжоудо өтө турган G20 самитинин алкагында Барак Обама менен жолугуп, экономикалык маселелерди талкуулоо зарыл. Аталган кадам эки өлкө ортосундагы мамилени жакшыртат", — деди Си Цзиньпин. 

Өз кезегинде Сьюзан Райс расмий Вашингтон Пекин менен тыгыз кызматташууга даяр экенин айтып, Обама G20 самитине сөзсүз катышарын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0