АКШ: телефондогу оюнга берилип кеткен эки өспүрүм чек арадан өтүп кеткен

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүPokemon Go оюну. Архив
Pokemon Go оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адашкан балдарды Суит Грасс шаарынын полиция кызматкерлери кармап, ата-энелерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. АКШда чек арачылар Pokemon Gо оюнуна берилип Канада өлкөсүнөн Монтана штатына өтүп кеткен эки өспүрүмдү кармашты. Бул тууралуу РИА Новости Associated Press агенттигине таянуу менен билдирди. 

Маалыматка ылайык, оюнга берилген өспүрүм балдар чек арадан кантип өткөнүн баякабай, адашып кетишкен. Аларды Суит Грасс шаарынын полиция кызматкерлери кармап, ата-энелерине өткөрүп берген.

Эскерте кетсек, АКШ менен Канаданын чек арасы тордолгон тосмо менен жабылган эмес. Тартипти атайын бөлүктөр гана көзөмөлгө алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0