WikiLeaks Түркиянын бийликтеги партиясынын жашыруун каттарын жарыялады

© REUTERS / Alkis KonstantinidisТүркия желеги. Архив
Түркия желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи бөлүктөгү документте А тамгасынан I тамгасына чейинки электрондук почталардагы 294 548 кат бар. Ошондой эле каттарга тиркелген документтерди да табууга болот.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. WikiLeaks порталы Түркиянын бийлигинде турган Адилет жана өнүгүү партиясынын электрондук кат алышууларынын биринчи топтомун — 290 миңден ашык катты жарыялады. Түрк бийлиги аталган сайтка өлкө аймагында тыюу салганын РИА Новости билдирди.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эрдоган бийликти басып алууга көрүлгөн аракет учурунда өлүп калышы мүмкүн болгонун айтты
Буга чейин WikiLeaks порталы Түркиянын бийлигинин 100 миңден ашык документтерин жарыялай турганын билдирген. Кийин коомчулуктун назарына 500 миң документ жана 300 миң электрондук кат сунуштала турганын маалымдаган.

Биринчи бөлүктөгү документте А тамгасынан I тамгасына чейинки электрондук почталардагы 294 548 кат бар. Ошондой эле каттарга тиркелген документтерди да табууга болот.

Электрондук каттар akparti.org.tr сайтынан алынган.

"Ооба, биз кайтадан кибер чабуулга кабылдык. Ал бизге такай эле болуп турат", — деп айтылат порталдын расмий Twitter баракчасында.

Ошондой эле ал жердеги шилтемени басканда ал ачылбай жатат.

Түркиянын байланыш жана телекоммуникация башкармалыгынын (TİB) өкүлү WikiLeaks уюмунун сайты Түркиянын аймагында тыюу салынганын билдирди.

"WikiLeaks сайтына карата биз тараптан административдик чаралар көрүлдү", — деп башкармалыктын өкүлү маалымдаган.

Белгилей кетсек, Түркиянын аскерлери 15-июлдун түнүндө бийликти күч менен тартып алууга аракет кылган, бирок алардын аракети ишке ашпай калганын бийлик билдирген. Мындай аракеттин кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 290 киши каза болгон. Түркиянын расмий бийлиги мындай башаламандыкты АКШда жашап жаткан дин аалымы Фетхуллах Гүлендин тарапташтары кылды деп маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0