Түрк аба жолдору АКШ менен Түркиянын ортосундагы бүгүнкү каттамдарын токтотту

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүTurkish Airlines авиакомпаниясынын учактары. Архив
Turkish Airlines авиакомпаниясынын учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анткен менен сайтта аталган тараптардын кийинчерээк жасала турган аба каттамдарынын датасы кабарланган эмес.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Түрк аба жолдору авиакомпаниясы 18-июлдагы АКШ менен Түркиянын ортосундагы аба каттамдарын токтотту. Бул туурасында РИА Новости анын расмий сайтына шилтеме кылып кабарлады. 

Стамбулдагы аэропорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулда кармалган аба каттамы Кыргызстанга дүйшөмбүнүн түнү учуп келет
Буга чейин кечээ да, тагыраагы 17-июлда аталган компания АКШ менен Түркия ортосундагы аба каттамдарын жасаган эмес. Түркиядагы төңкөрүш кылуу боюнча саясий окуялардан кийин 16-июлда өлкөдөгү башка тараптарга рейстер кайрадан жандандырылган. 

Анткен менен сайтта аталган тараптардын кийинчерээк жасала турган аба каттамдарынын датасы кабарланган эмес.

Жума түнү, 15-июлда Түркиянын жетекчилиги аскерий төңкөрүш жасоого аракеттер болгонун жарыялады. Президент Режеп Тайип Эрдоган өтө чоң эмес топтон түзүлгөн козголоңчулар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери экенин айтып, жарандардын бардыгын сыртка чыгууга үндөдү. Өлкөнүн өкмөт башчысы Бинали Йылдырым төңкөрүштү теракт деп атоо менен өкмөт өз ишин улантып жатканын билдирди.

Түркиянын "кылым карыткан" түнү — жүрөк опкоолжуткан сүрөттөрдү Sputnik Кыргызстан фотолентасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0