Кыргызстандык курсант Түркиядагы башаламандык учурунда аскер бөлүгүн коргогон

© REUTERS / STRINGERАнкара көчөлөрүндөгү аскерлер
Анкара көчөлөрүндөгү аскерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишембиге караган түнү Түркияда бийликти басып алууга аракеттер болду. Акыркы маалыматтар боюнча Анын кесепетинен 265 киши каза болгон.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. 16-июлга караган түнү Түркиядагы аскердик бөлүктөрдү курсанттар дагы кайтарган. Алардын арасында кыргызстандык Шерали Марасулов дагы болгонун КР ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

"Гелиболу шаарында (Чанакале) талаа окуусунда жүргөн Түркиянын жер аскерлери училищесинин үч ротасынын курсанттары бир аскер бөлүгүн коргоо үчүн алынып келген. Түрк курсанттарынын ичинде чет элдиктер дагы болгон. Алардын бирөө кырызстандык Шерали Марасулов. Учурда ал менен элчилик такай байланышта", — деп айтылат маалыматта.

КРдин Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы элчилик, Стамбулдагы Башкы консулдук жана Анкара шаарындагы кыргыздардын достук жана маданият коому менен такай байланышта болууда.

17-июлда саат 12:00гө карата КР ТИМдин тынымсыз телефонуна түрдүү маселелер боюнча 100дөн ашык телефон чалуу болгон.

Түркиянын аймагында жүргөн кыргызстандыктар ТИМдин төмөндөгү тынымсыз телефондоруна чалып, кайрылышса болот.

  • Анкарадагы элчилик: 00905447788545 же 00905467799445.
  • Стамбулдагы Башкы консулдук: 00905332048643 же 00905321310523;

КР ТИМдин консулдук кызматы департаментинин "тынымсыз номери": 0 312 66 34 05 (кошумча 119); 0556 007232, 0557 710535.

Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы элчилик 16-июлдан бери байланышпай жаткан кыргызстандык аялды издеп жатат
Жума күнү кечинде түрк бийлиги өлкө бийлигин басып алууга аракеттер болгонун жарыялаган. Өз кезегинде Түркиянын аскерлери бийлик алардын колуна өткөнүн жар салышкан. Ишемби күнү эртең менен аскерлер колго түшүп берип баштаган. Түрк бийлиги козголоңчулардын аракети ишке ашпай калганын билдиришкен. Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан 3 миңден ашык киши камакка алынган, алардын арасында генералдар жана башка жогорку кызмат адамдары дагы бар. Өлкөнүн бийлигин басып алууга болгон аракеттин кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 265 киши каза болгонун билдирди. Алардын ичинен 104тү козголоңчулар.

Жаңылыктар түрмөгү
0