Ниццадагы терактынын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террористтик уюму алды

© REUTERS / ERIC GAILLARDНиццадагы терактан каза болгондордун жансыз денелери
Ниццадагы терактан каза болгондордун жансыз денелери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция кызматкерлери согушкерди жеринде жок кылышкан. Ал Тунис өлкөсүнөн келгени белгилүү болду.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюму Франциянын Ницца шаарындагы теракты жоопкерчилигине өзүнө алды. Бул тууралуу РИА Новости Аль-Жазира телеканалына шилтеме берип жазды.

Фейерверк көргөнү чогулган элди тебелеп кеткен жүк ташуучу унаа - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Франциянын Ницца шаарындагы терактыда КР жарандары жабыркаган жок
Ниццадагы теракт 14-июлда кечке жуук болгон. Франциялык басылмалардын жазганына караганда, автоунаа эки чакырымга чейин токтобой, полиция айдоочуну атып өлтүргүчө чогулган элди тебелетип жүрүп отурган. Күбөлөрдүн айтымында, ал унааны түз эмес, ары-бери жакка буруп, көбүрөөк курмандык жараткандай аракет менен айдаган.

Полиция кызматкерлери согушкерди жеринде жок кылышкан. Анын теги аныкталып, Тунис өлкөсүнөн Ницца шаарына келип жашаган 31 жаштагы киши экени аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0