Түркия: 800гө чукул аскер, анын ичинен беш генерал, 29 полковник камакка алынды

© AFP / BULENT KILICБосфор көпүрөсүнүн алынынын майрамдап жаткан Стамбул жашоочулары
Босфор көпүрөсүнүн алынынын майрамдап жаткан Стамбул жашоочулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын жашоочулары президент Эрдогандын атынан жиберилген "демократияны сактайлы" деп жазылып, элди көчөгө чыгууга чакырган SMS билдирүүлөрдү алып жатат.

БИШКЕК, 16- июл. — Sputnik. Түркияда акыркы маалыматтарга караганда, беш генерал, 29 полковник, 740 аскер камакка алынганын РИА Новости билдирди.

Түркиядагы аткаминерлердин бири беш генерал менен 29 полковник кызматтан четтетилгендигин айтты. Маалыматтарга караганда, козголоң чыгарды дегендердин колунда учурда бир нече тик учактар турат. Анткен менен өкмөттүк күчтөр аларды жакынкы мүнөттөрдө атып түшүрүүгө даяр деп айтылды.

Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Анкарадагы өкмөттүк имараттарга чабуул койгон тик учак атып түшүрүлгөндүгүн айткан.

Түркиянын Ички иштер министрлиги төңкөрүш аракетин жасагандардын тарабында болгон 750 аскер адамдары кармалгандыгын билдирди. Түрк полициясы Анкарадагы парламент имаратында төңкөрүштүн 16 уюштуруучу каза тапкандыгын, ал эми кагылышуулар учурунда эки тараптан 60 адам курман болгондугун айтты.

Акыркы маалыматтарда козголоңчулар тарабынан басып алынган Түркиянын Башкы штабы бошотулгандыгын жана бошотулгандар коопсуз аймактарга жайгаштырылгандыгы кабарланды.

Facebook социалдык тармагынын Түркиядагы колдонуучулары бир катар жашоочулар президент Режеп Тайип Эрдогандын атынан жиберилген "демократияны сактайлы" деп жазылып, элди көчөгө чыгууга чакырган SMS билдирүүлөрдү алып жаткандыгын айтып жатышат.

Жөнөткөн тараптын телефондун номуру эмес, RTERDOGAN деп белгиленген. Ал президент тарабынан жөнөтүлгөнбү же жокпу азырынча белгисиз.

Жума күнү Түркиянын жетекчилиги аскерий төңкөрүш жасоого аракеттер болгонун жарыялады. Президент Режеп Тайип Эрдоган өтө чоң эмес топтон түзүлгөн козголоңчулар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери экенин айтып, жарандардын бардыгын сыртка чыгууга үндөдү. Өлкөнүн өкмөт башчысы Бинали Йылдырым төңкөрүштү теракт деп атоо менен өкмөт өз ишин улантып жатканын баса белгиледи. 

Ал эми төңкөрүшкө чыккан Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы бийлик алардын колуна өткөндүгүн билдирип, түрк элинин башчылары бийликтен четтетилгенин жарыялашкан. Алар мындай кадамын конституциялык тартипти орнотуу жана жарандардын эркиндиги менен укуктарын калыбына келтирүү максатында жасап жатышканы менен түшүндүрүшкөн. 

Түркиянын мамлекеттик TRT телеканалы жаңы Конституция жакынкы аралыкта даяр болорун жарыялаган. Ал эми өлкө учурда "Тынчтык кеңешинин" башкаруусунда болуп, дини, тили, расасына карабастан бардык жарандардын коопсуздугу корголо тургандыгы жарыяланды. Парламент болсо кезексиз жыйынга ишемби күнү чогулмай болду. 

Түркиянын президенти Тайип Эрдоган козголоңчуларды жазалоого убада берген.

Эртең менен парламент менен Анкарадагы Башкы штабдын жанында активдүү атышуу жүрүп, анын кесепетинен, каза таап жана жаракат алгандар болду.

Президент Тайип Эрдоган эл алдына чыгып сүйлөп, абал тынчып, өлкөдө абал турукташмайын элди көчөдөн кептөөгө чакырган. Кийинчерээк Түркиянын аскер аба күчтөрүнүн F-16 аскер учактары президенттик сарайдын жанында жүргөн танкаларды атып токтоткон. 

Төңкөрүш жасаганган камынгандар артка кайтпай тургандыктарын жана күрөштү уланта беришээрин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0