60ка чукул адам Түркиядагы төңкөрүш аракетинин курмандыгы болду

© AP Photo / Selcuk SamilogluКонфликт Турецкого военного с полицейским на площади Таксим в Стамбуле
Конфликт Турецкого военного с полицейским на площади Таксим в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анкарада Түркия парламентинин жана Гөлбашы районундагы полиция академиясынын имаратына козголоңчулар тарабынан абадан сокку урулду.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кеминде 60ка чукул адам Түркиядагы төңкөрүш аракетинин курмандыгы болду деп билдирди РИА Новости HaberTurk сайтына шилтеме кылып.

Анкарада козголоңчуларды абадан Түркиянын парламентинин жана Гөлбашы районундагы полиция академиясынын имаратына сокку урган. Курмандыктардын 42си Анкарада болгон. Алардын арасында жай адамдар да, аскерлер да бар.

Президент Алмазбек Атамбаев Эрлан Абдылдаевди кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев Эрдоганды колдоду
Жума күнү кечинде Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым NTV каналына телефон аркылуу өлкөнүн Башкы штабынын куралдуу күчтөрүнүн аскерлери төңкөрүш жасоого аракеттер болгонун билдирген. Анын айтымында, аскерий адамдардан турган топ "жоопкерчиликсиз мыйзамга каршы келген аракеттерди" жасоого аракет кылышкан. Башкы штаб бийлик мындан ары өзүнүн милдеттерин аткара албай калганын кабарлаган билдирүү таратты. Түркиянын президенти Тайип Эрдоган козголоңчуларды жазалоого убада берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0