Түркиянын аскерлери: конституциялык тартипти орнотуу үчүн бийликти басып алдык

© AFP / BULENT KILICПереворот в Турции
Переворот в Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Түркиянын башкы штабы өлкөнүн бийлиги алардын колуна өткөнүн билдирген.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Түркиянын аскерлери өлкөдө конституциялык абалды жөнгө салуу үчүн бийликти басып алганын билдиришүүдө деп маалымат таратканын жергиликтүү ЖМКлар маалымдашууда. Өлкөнүн негизги каналы болгон TRT каналынан өлкөнүн Башкы штабынын кайрылуусу бир нече жолу окулду. Аталган каналдагы журналисттеринин айрымдары сыртка коопсуз жайга чыгарылганы айтылууда.

Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы бийлик алардын колуна өткөнүн билдирген.

Государственный переворот в Турции - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Түркиянын башкы штабы бийликти басып алганын маалымдады
Ал эми башка ЖМКлар президент Тайип Эрдоган коопсуз жайда экенин, ал эми Башкы штабдын жетекчиси Хулуси Акара туткунга алынганын маалымдашууда.

Түркиянын полициясы Стамбулдагы Босфор кысыгы аркылуу салынган көпүрөнүн Азияга жана Европага өткөн тарабын жапкан. Ошондой эле Анкарада аскер учактары менен тик учактары учуп жүргөнү айтылууда. DHA маалымат агенттиги Түркиянын башкы штабынын имаратына көп сандагы тез жардам машиналары келип жатканын билдирди. Ошондой эле Түркиянын чалгындоо уюмунун аймагында тик учактан ок чыгарылганы айтылууда. Коопсуздук кызматы менен Анкаранын полициясы шашылыш жумушка чыкканын айрым ЖМКлар жазышууда. Ал эми Стамбулдагы "Ататүрк" аба майданы тарапта танкалардын жүргөнүн телеканал NTV маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0