Биологдор жасалма жарык ден соолукка зыян экенин аныкташты

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүКлубдагы бийчилер. Архив
Клубдагы бийчилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече айга жасалма жарык күйгүзүлгөн торго чычкандарды салганда алардын мээ системасынын иштөөсү 70 пайызга төмөндөп кеткен.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Окумуштуулар бөлмөдө жасалма жарыкты көп убакытка жандыруу ден соолукка зыян экенин белгилешет. Жасалма жарык "ички саатты" бузуп, остеопороз (сөөк оорулары) менен сезгенүүгө алып келерин Current Biology журналына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

"Биздин изилдөөлөр жаратылыштын караңгы жана жарык циклдары адамдын ден соолугу үчүн өтө маанилүү экенин көрсөттү. Организмдин нормалдуу иштешине күн менен түндүн мааниси чоң", — деп билдирди Нидерланддагы Лейденск университетинин окумуштуусу Жонна Мейер. 

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар инфарктты 5 жыл мурда биле турган тест түзүп чыгышты
Мейер менен анын кесиптештери чычкандарга изилдөө жүргүзүшкөн. Алар он чакты чычканды торго салып бир нече ай жасалма жарыкты күйгүзүп коюшкан. Натыйжада бир айдын ичинде эле чычкандын мээ системасынын иштөөсү 70 пайызга төмөндөп кеткен. Натыйжада бүтүндөй организм алсызданган. 

Бирок окумуштуулар чычкандарды кайрадан нормалдуу цикл сакталган торго кайтарып келгенден эки жума өткөндөн кийин, чычкандардын абалы кайра оңоло түшкөн. 

Мейер менен анын кесиптештеринин айтымында мындай ачылыш жасалма жарыктын адам ден соолугуна зыян алып келеринен кабар берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0