Окумуштуулар адамзатына коркунуч жараткан ооруну атады

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүМаска таккан медицина кызматкери. Архив
Маска таккан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирустук гепатиттин айынан жыл сайын бир миллиондон ашык адам көз жумат. Мындай коркунуч Чыгыш Азияда байкалбайт.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Вашингтондогу университеттин жана Лондон империялык колледжинин окумуштуулары дүйнө жүзү боюнча вирустук гепатит майыптык менен өлүмдүн негизги себебине айланганын илимий EurekAlert порталына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар инфарктты 5 жыл мурда биле турган тест түзүп чыгышты
Интернет булагындагы маалыматка караганда аталган дарт жайылышы боюнча ВИЧ СПИД менен кургак учук менен бирдей. 

Окумуштуулар өз изилдөөлөрүнө 1990-2013-жылдар аралыгында 183 өлкөдөн чогулган маалыматтарды колдонушкан. Натыйжада 20 жылдан ашык убакыт аралыгында вирустук гепатиттин айынан өлүмгө дуушар болгон жарандардын саны 63 пайызга өскөнү байкалган. Тагыраагы дартка байланыштуу жыл сайын 1,45 миллион адам өмүр менен кош айтышат. Ал эми СПИД менен кургак учуктан каза тапкандардын саны салыштырмалуу төмөндөгөн.

Мындан тышкары вирустук гапатитке кабылгандардын көпчүлүгү кирешеси жогору жана орто өлкөлөргө туура келери белгилүү болгон. Ал эми Чыгыш Азияда мындай коркунуч жокко эсе.

Жаңылыктар түрмөгү
0