Вьетнамда АКШнын бомбалоосунан улам ата-бала 40 жыл токойдо жашырынып жүргөн

© Sputnik / Александр Ковалев / Медиабанкка өтүүДжунгли. Архив
Джунгли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Цивилизацияга кайтууга аларды аман калган туугандарынын бири араң көндүргөн.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Вьетнамда Американын бомбалоосунан коркуп 40 жылдан ашуун жунглиде баш калкалаган атасы менен уулу цивилизацияга кайтып келишти. Бул тууралуу International Business Times басылмасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Ван Тхань өзүнүн Хо Ван Ланг аттуу уулу менен 1972-жылы АКШ авиациясынын чабуулуна туш болгон. Бомбалоодон бүтүндөй кыштак кыйрап, Ван Тхандын туугандарынын баары каза болуп калган.

Мындан кийин ал уулун алып, ушу кезге чейин согуш уланып жатат деген ой менен жунгилиде жашырынып жүргөн.

"Адамдарды көрүп калсак да алардан алыс кетүүгө аракет кылчубуз", — дейт Хо Ван Тхань.

Ата-баланы жакында эле аман туугандарынын бири таап, аларды кайра кыштакка кайтаруу үчүн бир топ жан үрөгөн. Бирок үй-бүлө андан баш тартып, качан гана Ван Тханга медициналык жардам керек болгондо гана кайтууга макул болушкан.

Акула. Архив - Sputnik Кыргызстан
Австралияда акула серферге тиш салып, бир бутун жулуп алды
Басылма ата-бала токойдогу жашоого абдан көнүшүп калганын жазат. Бирок Ван Ланг өзүнүн 42 жашында убакыт жөнүндө эч кандай түшүнүгү жок экенин, ал үчүн электр энергиясы укмуш ачылыш болгонун белгилейт. 

"Учурда үй-бүлө вьетнамдык айылдардын биринде жашап жатат. Хо Ван Ланг жер иштетип, үйлөнүүгө белсенүүдө", — деп айтылат макалада.

Вьетнамдагы согуш 1960-жылдан тарта 1975-жылга чейин созулган. Сегиз жыл аралыгында АКШ Вьетнамдын ички жашоосуна түздөн-түз кийлигишип келген. Согуштук аракеттер Лаос менен Камбоджада да жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0