ЖМК: Kinder шоколаддарынан рак оорусун пайда кылуучу кооптуу заттар табылды

© Sputnik / Анар Мовсумов / Медиабанкка өтүүШоколад фабрикасы. Архив
Шоколад фабрикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиялык көз карандысыз уюм аталган компания даярдаган продукциянын 20 түрүн текшерип чыгып, анын үчөөндө аталган майлардын деңгээли чектен ашып кеткенин аныктаган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Kinder шоколаддарында кооптуу заттар табылганына байланыштуу Россиянын керектөөчүлөр укугунун корголушун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы тийиштүү маалымат алуу үчүн Европа биримдигине кайрылды. 

Оорукана кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада тамактан 70ке жакын мигрант ууланып, анын төртөө КР жараны болуп чыкты
Буга чейин Германияда Foodwatch керектөөчүлөр укугун коргоочу көз карандысыз уюму өз сайтына курамында кооптуу заттар бар экени аныкталгандан кийин Kinder шоколаддарын сатуудан алып салууну талап кылган. 

Уюмдун маалыматында аталган продукциядагы нефть иштетүүдө пайдаланылуучу минералдык майлар рак илдетин пайда кылууга жөндөмдүү келет. Аталган ишкана компания даярдаган продукциянын 20 түрүн текшерип чыгып, анын үчөөндө аталган майлардын деңгээли чектен ашып кеткенин аныктаган. 

Россиянын керектөөчүлөр укугунун корголушун көзөмөлдөгөн федералдык кызмат Европа биримдигине кайрылганы менен азырынча Kinder азыктарынан кооптуу заттар табылганы боюнча башка эл аралык уюмдардан маалымат келе электигин белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0