Мигрантчылыктагы таалайсыз тагдыр. Италиядагы качкын фанаттын колунан каза тапты

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүИталия полициясы. Архив
Италия полициясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нигериялык мигранттын Фермодогу өлүмү учурда Италия коомчулугунда кызуу талкууга алынып жаткан чак.

БИШКЕК, 7-июл. – Sputnik. Нигериялык 36 жаштагы качкын Эммануэль Киди Намди бейшембинин түнүндө италиялык Фермо шаарындагы футболдун жергиликтүү фанатынын келтегинен каза болду.  

Басылмалардын жазганына караганда, кеч курун Эммануэль 24 жаштагы аялы Киниери менен шаардын борборуна сейилдегени чыккан. Күтүүсүздөн пайда болгон жергиликтүү фанат аялды кемсинтип, "африкалык маймыл" деп мазактай баштаган. Ыза болгон Эммануэль беркиге "жооп кайтарган". Африкалыктан алда канча күчтүүрөөк болгон фанат аны жарым жан кылып сабап салган. Качкын ооруканага жеткирилгенден кийин көп өтпөй, эсине келбеген тейде көз жумган. 

Акыркы 20 жыл ичинде 60 миңден ашуун мигрант өлүп же белгисиз жоголгон
Нигерияда радикалдык "Боко харам" террордук уюму диний храмга кол салган учурда жубайлардын ата-энеси андагы терактыдан каза болгон. Бул окуядан соң алар миңдеген мекендештери сыяктуу башын ала качып, Жер ортолук деңизи аркылуу кайык менен Италиянын Апеннин шаарына келип түшкөн. Жолдо тартпаган азабы калбай, качкындарды мыйзамсыз ташыгандардын тепкисинде калган келинчеги Киниеринин боюнан түшөт. Бул эки качкынга Фермо шаарында эми-эми баш калка берүү маселеси каралып жатканда, үй ээси каза болуп калды.

Бул аял-күйөөнүн таалайсыз тагдыры туурасында басылмалар дароо жазып чыкты.

Аталган аймактагы коомчулуктун башчысы Виничио Албанези бул окуяны "салкын кандуу провокация" деп атады. 

Нигериялык мигранттын Фермодогу өлүмү учурда Италия коомчулугунда кызуу талкууга алынып жаткан чак.  

Бир катар басылмалар Италия премьер-министри Маттео Ренцинин кечээ Албанезиге чалып, бул окуя жана жалпы жагдай боюнча сүйлөшкөндүгүн жазды. Италиянын тышкы иштер министри Анжелино Алфано коомдук тартип жана коопсуздук боюнча провинциалдык комитеттин жыйынын өткөрөрүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0