НАТО Россия менен дагы көпкө чейин атаандаш болорун айтты

© AFP / GEORGES GOBETНАТО желеги. Архив
НАТО желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва Батыш менен конфронтацияга барууга умтулбай турганын бир нече ирет айтканы менен өлкөдө коопсуздукту сактоо максатында бир катар кадамдарга даяр турат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. НАТО Россия менен дагы узак убакытка чейин атаандаш болмокчу деп билдирди альянстын башкы катчысынын орун басары Александр Вершбоу. Бул туурасында РИА Новости The Washington Post басылмасына таянып жазды.

"Россия менен стратегиялык жактан дагы узак убакыт бою атаандаш боло турганыбызды сезип жатабыз. Бул алдыга жылуу үчүн өтө кылдаттык менен иш алып барууну талап кылган кооптуу мамилелер", — деп айткан Вершбоу.

Варшава шаарында 8-9-июлда НАТОго мүчө-өлкөлөрдүн жыйыны өтөт. Альянс буга чейин Европа аскердик кубаттуулугун жайылтуу туурасында макулдашкан. Тагыраагы, төрт батальонун Латвия, Литва, Эстония жана Польшада үзгүлтүксүз ротация кылып турууга ниеттенип жатат. 

Агенттик Москва Батыш менен конфронтацияга барууга умтулбай турганын бир нече ирет айтканы менен Россия бийлиги өлкөдө коопсуздукту сактоо максатында бир катар кадамдарга даяр тургандыгын жазды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0