Аравиялык эркектерди улуттук кийим — гандурадан баш тартууга чакырышты

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүГандура кийген киши. Архив
Гандура кийген киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бириккен Араб Эмирлигинин ТИМи Америкада дарыланып жаткан эмираттык ишкердин полиция тарабынан жарадар болушунан кийин жашоочуларды сак-сактап турат.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин (БАЭ) Тышкы иштер министрлиги жашоочуларды чет өлкөдө жүргөндө улуттук кийим — гандурадан (эркектердин узун көйнөгү) баш тартууга чакырды. Бул тууралуу министрликтин Twitter тармагындагы баракчасына жарыяланды.

Мындай кадам мекеме Америкада дарыланып жаткан эмираттык ишкердин полиция тарабынан жарадар болушунан кийин кабыл алынууда. Маалыматка ылайык, аталган бизнесмен кийген кийими үчүн "Ислам мамлекети" тобунун мүчөсү катары шектелген. 

"Чет жакта жүргөн мекендештерибизди гандура кийбөөгө чакырабыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Ишкер Ахмед аль-Минхали Emirates today басылмасына кийиминин айынан кантип өлүп болуп кала жаздагандыгын айтып берген. Ал Кливленд шаарындагы мейманканалардын бирине токтогондо, ишкердин сырткы кийиминен шектенген ал жердеги кызматкер "шектүү киши" келгендиги туурасында полицияга кабар берген. Полиция келип ур-соккуга алып, анын кесепетинен араб ооруканага түшүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0